Бишкектин четинде жүк ташуучу унаа коюп кеткен 6 жашар кыз каза болду

Окуучу кыз мектептен чыгып, жолду кесип өтүп бараткан жеринен машина сүзүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкекке жакын жерден 1-класстын окуучусун Казакстандын номери табылган жүк ташуучу автоунаа коюп кетип, аны 10 метрдей жерге сүйрөп барган. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББдин маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Атада Mercedes-Benz коюп кеткен 18 жаштагы жигит каза болду
Окуучу кыз мектептен чыгып, жолду кесип өтүп бараткан жеринен машина сүзүп кеткен.

Жол кырсыгы бүгүн, 5-декабрда, саат 12:00дөр чамасында Аламүдүн районундагы Ленин айылында болгон. 6 жашар кыз кырсык болгон жерден каза болгон. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа айдап бараткан жаран Казакстандын тургуну. Учурда ал кармалып, милиция бөлүмүнө алынып келди. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.