Кытай, Монголия, Тажикстан. Жээнбеков бир нече элчини алмаштырды

Дипломатиялык өзгөрүүлөр КРдин элчилиги бар өлкөлөрдүн ичинен бешөөндө болду.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыгы менен бир нече элчини, дипломаттарды кызматынан алып, ордуна башкаларын дайындады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын Тажикстандын элчиси Мирослав Ниязовду кызматынан бошотуп, анын ордуна Жаныш Рустенбековду койду.

Министр Айдарбеков Өзбекстандын элчиси менен жолукту
Дагы бир Жарлык менен Кытайдагы дипломаттар кызматынан кетти. Тагыраагы, Кытай жана Монголиядагы КРдин элчиси Азамат Усенов, аталган өлкөнүн Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишов кызматынан кетти. Элчилик кызматка азырынча эч ким дайындала элек, ал эми башкы консулдукка Искендер Орусбаев келди.

Ибрагим Жунусов Өзбекстанга элчиликке бекиди. Мурдагы элчи Данияр Сыдыков быйыл 5-мартта КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан бери орду бош турган.