Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды

Элнура Мамбетжунушева Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Элнура Мамбетжунушева кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагы ишенимдүү булак Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бажыга орношсом айлык албай иштейт элем дегендер бар. Пенсия тууралуу талкуу
Ал качан жана кайсы жерде кармалганы боюнча так маалымат жок. Мамбетжунушева шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Быйыл май айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты Борбордук бажынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевди кармаган болчу. Финансы полициясы мурдагы аткаминерге таандык үйдүн видеосун көрсөткөн.