Бишкектен Москвага каттаган поезддеги жол кире арзандады

Эгер билеттерди алдын-ала сатып алсаңыз, кошумча жеңилдик каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек — Москва каттамындагы поезддердин жол киреси 55 пайызга чейин арзандады. Бул тууралуу "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасы" улуттук компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Эми арзандатууларды эсепке алганда Москвага болгон жол кире купе вагондорундагы орун үчүн 12 миң 834 сом, плацкарт вагондорунда 9 миң 767 сомду түзөт.

Кыргызстан аба каттамы боюнча тогуз мамлекет менен гана иштешет
Эгер жүргүнчү билетти 45 суткадан 41 суткага чейин мурда алса, купе вагондорундагы орунга 55 пайыздык жеңилдик каралган. Ал эми 40 суткадан 9 суткага чейин мурда алса, 45 пайыздык жеңилдик болот.

Эгер суроолоруңуз болсо, "Бишкек II" башкы темир жол станциясынын 0 312 30-02-09, 92-68-54 телефон номерлери аркылуу маалымат алсаңыз болот.

Буга чейин Россияга каттаган поезддердин жол киресин арзандатуу каралып жатканы маалымдалган эле.