Баткенде атылган прокурордун өлүмүнө шектелген аткаминер камалды

Шектүү эки ай бою Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайында болот.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Баткенде ок жеп каза болгон облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелген адам эки айга камалды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Аскар Баймуратов кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кылмышка шектелген Капиталдык курулуш башкармалыгынын Баткен облусу боюнча жетекчиси М.К. эки ай бою Ош шаарындагы тергөө абагында болот.

"Иш 19-ноябрь күнү Кадамжай райондук сотунда каралып, чечим чыкты. Козголгон кылмыш ишинин негизинде айыпталып жаткан Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги эки айга камакка калтырылды", — деди Баймуратов.

Киши колдуу болгон депутат, ок жеген прокурор. Жыл ичиндеги чуулуу өлүмдөр
Эске сала кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Каргашалуу окуяга чейин анын прокурор менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Ошол эле күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.