Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги туура бир жыл ичинде укук коргоо кызматкерлери менен аткаминерлерге байланыштуу каргашалуу окуяларды тизмектейт.
Бычакталган милиционер
Кырсыктаган тергөөчү
Ок жеген кызматкер
Жыл башында борбор калаанын Чыгыш-5 кичирайонунда белгисиз адам милиционерди түн ичинде жарадар кылган. Тартип сакчысы кызмат учурунда ок жеп, ооруканага түшкөн. Шектүү 10 айдан кийин гана Кара-Балта шаарында колго түшүрүлдү. Ал кармоо маалында да ок чыгарган. Айыпталуучу Ош шаарында каракчылык жасаган жана Чүй облусунда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Көлгө чөккөн күзөтчү
Жайында 25 жаштагы Нурсултан Сталбек уулу Ысык-Көлдө эс алып жүрүп сууга чөгүп каза болгон. Ал Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында иштечү.
Киши колдуу болгон депутат
Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду ноябрь айында өз үйүнүн жанынан атып кетишкен. Жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутаты 10 күндөн кийин ооруканада айыга албай көз жумган.