Кыргызстандан акча сыртка агып жатат. Жаңы рекорд коюлду

Мурдагы рекорд үстүбүздөгү жылдын август айында коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Сентябрь айында акчанын сыртка агышы рекорддук көрсөткүчкө жеткени Улуттук банк жарыялаган маалыматта айтылат. Сөз жеке жактардын которгон каражаты тууралуу болуп жатат.

Centerra сатылабы? Исаковдун макулдашуусуна Абылгазиевдин ичи чыкпайт
Улуттук банктын сайтында 2005-жылдан берки маалыматтар бар.

Мурдагы рекорд үстүбүздөгү жылдын август айында коюлган (51 миллион доллар).

Сентябрдагы жаңы рекорд — 52,1 миллион доллар.

Буга чейин адистер менен Улуттук банк эмнеге өлкөдөн акча сыртка агып жатканын айтып беришкен.