БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бир катар журналисттер микроавтобустан өздөрү түшүп кетип, кайра кирүүдөн баш тартканын Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Айсулуу Исабекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Арсланбек Шамырбеков менен Айсулуу Исабекова журналисттерге кайрылып, эмнеге кемчиликтерин гана тартып жатканын сурашкан. Уюштуруучуларга ЖМК өкүлдөрүнүн аракеттери жакпай, аларга өз жолуңар менен жетип алгыла деп сунушташкан.
"Бир нече басылманын өкүлдөрүнүн маанайы агрессивдүү болду. Мен болгону кемчиликке эле басым жасай бербей, жакшы жактарын да карагыла деп кайрылдым. Подрядчы жак эмоция менен "Силерди атайын алып келсек, эмне кылып жатасыңар?" деп айтты. Ушундан кийин ЖМК өкүлдөрү бусиктен чыгып кетишти", — деди Исабекова.
Ал ошондой эле журналисттерден суранышканы менен алар маршруткага түшүүдөн баш тартышканын айтты.
Анткен менен Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ЖМК өкүлдөрүн "Жаракаларды эмнеге тарттыңар" деп суракка алуу канчалык негиздүү экенине комментарий бере алган жок.