Бишкектин ТЭЦине 280 миң тоннадай көмүр ташылып келди

Быйылкы кышта Бишкек жылуулук борборуна 600 миң тонна көмүр керектелет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Төрт ай ичинде Бишкек ТЭЦине жалпысынан 280 миң тоннадай көмүр ташылып келгенин "Кыргызкөмүр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте көмүр канчадан сатылып жатат? Кара алтындын баасына саресеп
Ага ылайык, кара алтынды 15 ишкана ташыган. 1-ноябрга карата Бишкек жылуулук борборуна 276 миң 859 тонна кыргыз көмүрү келип түшкөн.

Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, быйылкы кышта Бишкек ТЭЦина 550 миң тонна Кара-Кеченин көмүрү жана 50 миң тонна Таш-Көмүрдүн көмүрү алынып келиши керек.

Учурда көмүр ташуу белгиленген тартипте жүрүүдө.