"РусГидро" Кыргызстанды Гаага сотуна берди

Компаниянын башчысынын айтымында, учурда бардык документтер сотко берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. "РусГидро" Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС боюнча кыргыз тарапты Гаага сотуна берди. Бул тууралуу мекеменин башчысы Николай Шульгинов маалымдаганын РИА Новости жазды.

Ал суроолорго жооп берип жатып, бардык документтер берилгенин жана сот алардын пайдасына өкүм чыгарат деп үмүттөнүп жатканын айтты.

Третей сотунун туруктуу палатасы — эл аралык арбитраждык соту Гаага шаарында (Нидерланддар) жайгашкан.

"Русгидро" менен болгон чыр: учурда кандай аракеттер көрүлүүдө
Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде башталган. Курула турчу төрт гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстан келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор кароо керектигин Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирген. Келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзамга өлкө башчысы 2016-жылдын 22-январында кол койгон, ал эми 9-августтан тарта келишим күчүн жоготкон.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстандын "РусГидрого" карыз болгон 37 миллион долларды төлөө милдетин алган. Бирок кийинчерээк ал компания төлөй албай калганы маалым болуп, келишим жокко чыгарылган.

Белгилей кетсек, буга чейин "РусГидро" Кыргызстанды Гаага сотуна берүүгө камынып жатканы кабарланган.