Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сулууларга суктанууга акым бар да...

Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш. Бурадарда эс алуу күндөрү болгон кызыктуу окуяларды тизмектеп, сунуштайбыз.
Sputnik

Алгач аба ырайына көз чаптырып алалы.Синоптиктердин айтуусунда, Бишкек шаарында бүгүн +8… +10, ал эми Ош шаарында +6… +8 болот. 

Жекшембиде чыккан материалдардын жүрөк элжиретип, ич жылытканы мамалак менен эне аюунун окуясы болду

Мамалакка эле эмес, көк бөрүнүн атына суктанткан сүрөттөрдү да барактап, карасаңыз болот. Улакчы аттан, ат улакчыдан өтүп, жанын сабап, оюнга киришкен ирмемдер. Жылкы баласы бир керемет жаныбар эмеспи! 

Суктана турган дагы бир сүрөт десем, кээ бирлери мени тилдеп чыгышы мүмкүн. Эми дүйнө сулуусу болуп жатпайбы… "Теңдеши жок сулуу", 23 жаштагы ал кыз маркетинг тармагында окуп, англис тилинде эркин сүйлөйт экен.

Өмүр менен өлүм катарлаш жүрөт экен. АКШдагы шаарлардын биринин мэри Афганистанда курман болду… Артында жети баласы калыптыр.

Өлдү деген киши тирүү келип… Казакстанда эки ай мурда сөөгү жерге берилген адам үйүнө кайтып келиптир… Кандай бакыт!

Жоготуп албай, бирок жакындарынан, айрыкча боор эти менен тең баласынан алыс жүргөн келин мигрант арманын айтты. Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм дептир…

Мигрант демекчи, жекшемби күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде мигранттар менен эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кызматкерлери чогулуп, коопсуздук, тартип маселелерин сүйлөштү. Бул атактуу "Миграция мунапысынан"кийин болуп жаткан иш-чара. Эми мындан ары сак болгула, бейчеки басып, тартип бузбагыла деген сөз болуптур.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.71 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сулууларга суктанууга акым бар.

Иш күнүңүздөрдүн ийгиликтүү өтүшүн каалап, Мирбек Сакенов.