БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекте Токтоналиев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде эртеден кечке плакат көтөргөн аял турат. Ал дал ушул жерде 21-октрябрь күнү болгон жол кырсыкка күбө болгон адамдарды издеп жатканын жазып алган. Бул тууралуу Facebook тармагынын колдонуучусу баракчасына жазып чыкты.
Плакатта телефон номер көрсөтүлгөн, ал аркылуу күбөлөр байланышка чыга алат.
Маркумдун уулу окуя боюнча өз версиясын айтып берген. Ал билдиргендей, атасы эч кандай унааны сүзгөн эмес. Тескерисинче, Lexus үлгүсүндөгү унаа ата-энеси жол чыракта токтоп турганда артынан келип сүзгөн. Бул боюнча экинчи тараптын туугандары дагы билдирүү жасашты. Алардын айтымында, аткаминер менен ортодо пикир келишпестик чыккан эмес, Жакыпбаев ошол жерден өзү жыгылып калган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жол кырсыгы болгон жерде плакат көтөрүп турган аял менен байланышты. Ал шектүүлөрдүн биринин жубайы Зейнеп Сулайманкулова аттуу айым болуп чыкты. Ал ошол күнү жүргүнчүлөр отурган орундукта болгон.
"Айла жоктон плакат көтөрүп жолго чыктым. Балким ошол күнү болгон окуяны көргөн күбөлөр чыгып калаар. Биринчи жолу кечээ, 4-ноябрда жолдо турдум. Анан түштө, кечинде дагы чыктым. Себеби бул учурда унаалар көп өтөт", — деди Сулайманкулова.
Ал ошондой эле күбөлөр табылмайынча күн сайын жолго чыга турганын кошумчалады.