Чүйдүн улакчылары Кыргызстандын чемпиону болду. Сүрөт

Баш байге ээлери 500 миң сом менен сыйланды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында баш байгени Чүй облусунун командасы илип кетти.

1 / 6
Участники кок-бору из Иссык-Кульской и Чуйской областей во время борьбы за третье место на чемпионате Кыргызстана
2 / 6
Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында баш байгени Чүй облусунун командасы илип кетти.
3 / 6
Чүй командасы финалдык беттеште Ысык-Көл облусу менен кез келип 5:1 эсебинде утуп алды.
4 / 6
Баш байге ээлери 500 миң сом менен сыйланды.
5 / 6
Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, калаа мэри Таалай Сарыбашев, Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов жана Эльдар Айтматов тапшырды.
6 / 6
Ал эми финалдык оюн баштааларда ат майданга президент Сооронбай Жээнбеков келип көк бөрүчүлөрдү куттуктап кеткен.

Чүй командасы финалдык беттеште Ысык-Көл облусу менен кез келип 5:1 эсебинде утуп алды. Ал эми коло байге Талас облусуна буйруду.

Кылымдын кыйырынан келген көк бөрү
Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, калаа мэри Таалай Сарыбашев, Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов жана Эльдар Айтматов тапшырды.

Ал эми финалдык оюн баштааларда ат майданга президент Сооронбай Жээнбеков келип көк бөрүчүлөрдү куттуктап кеткен.

Белгилей кетсек, мелдештер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган.

Байгелер төмөндөгүдөй бөлүндү:

Биринчи орун — Чүй облусу, 500 миң сом;

Экинчи орун — Ысык-Көл облусу, 250 миң сом;

Үчүнчү орун — Талас облусу, 100 миң сом;

Төртүнчү орун — Ош облусу, 80 миң сом;

Мыкты улакчы — Чүй командасынан Кубаныч Султан уулу, 10 миң сом;

Мыкты аргымак — Ысык-Көл командасынан "Золотой", 10 миң сом;

Өлкө чемпионаты Оштун "Төлөйкөн" ат майданында өткөрүлдү. Анда жети облус жана эки шаардын курама командалары күч сынашты.