БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ага ылайык, БШК мүчөлөрү бүгүнкү жыйынында Шадиевди мандатынан ажыратуу маселесин карашкан.
"Аскарбек Шадиев өзүн фракциядан чыгаруу боюнча фракцияга кат жазган экен. "Бир Бол" Борбордук шайлоо комиссиясына Аскарбек Шадиевди мандаттан ажыратуу чечимин жана анын катын жөнөткөн. БШК аны карап, канааттандырды", — дешти БШКдан.
Ал эми Шадиевдин ордуна Эрмамат Тагаев депутат болуп келди.
Ал эми 1-июнь күнү УКМК Шадиев 27-апрель күнү Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Худжант — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.
Шадиевге "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч кылмыш иши козголгон.