Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сот болчу күн аныкталды

Тергөөнүн материалдары сотко өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин ишин 5-ноябрда карайт. Бул тууралуу соттон маалымдашты.

Кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, материалдар сотко өттү.

Камактагы компанияларынын экөө эбак жоюлган. Шадиевдин мал-мүлкү тууралуу
Шадиев 6-апрель күнү кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Буга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон.

Ал эми 1-июнь күнү УКМК Шадиев 27-апрель күнү Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Кожент — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.

Шадиевге "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч кылмыш иши козголгон.