Самара Каримова Оштогу музыкалык училищенин директору болбой калды

Ырчы буга чейин да "Сулайман-Тоо" музейинин директору болуп дайындалып, бирок коомчулуктун сынынан кийин кызматтан баш тартууга аргасыз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ырчы Самара Каримованы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык училищенин директору кылып дайындоо боюнча буйрукту жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 24-октябрда Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо боюнча министрдин милдетин аткарган статс-катчынын колу коюлган буйрук чыккан.

"Акыркы эки күндө буга чейин кол коюлган документтерди карап жатып, Каримованы дайындоо боюнча буйрукка статс-катчы Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жүргөндө кол койгону аныкталган. Бул мыйзамсыз болуп саналат", — деп министрдин сөзүн келтирет маалымат кызматы.

Instagram тармагында күйөрманы көп ырчы ким? Көз күйдүргөн тизме
Жаманкулов буйрукту жокко чыгарганын, ал эми ага кол койгон статс-катчыга сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министрге сунуш жөнөткөнүн белгилеген.

Азамат Жаманкулов министрлик кызматка үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында дайындалган.

Эскерте кетсек, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова буга чейин да "Сулайман-Тоо" музейинин директору болуп дайындалып, бирок коомчулуктун сынынан кийин кызматтан баш тартууга аргасыз болгон.