Мамлакат Кылычева, фильмде Аваздын сүйүктүүсү, дүкөнчү Малике студиябызга жалгыз келген жок, жанында жолдошу, оператор-режиссер Мурат Жыргалбаев да бар экен. Баса, Жыргалбаев "Көчө" тасмасында экинчи оператордун милдетин аткарыптыр.
— Атыңыз өзгөчө экен, "Мамлакат" деп ким койду эле?
— Атам негизи Салтанат деген ысымды ыйгарайын деп ойлоптур. Ал кезде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо бөлүмүнө барып алышчу экен. Атам бошобой калып, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү чоң энем жаздыргана жөнөйт. Каттоо бөлүмүнө барганда атам айтып жаткан Салтанат деген ысымды унутуп калып, күбөлүккө Мамлакат деп жаздырып коюптур. Ошол бойдон Мамлакат болуп калыптырмын. Бул ысым өзбек, тажиктерде көп кездешет экен.
— Атыңызга таң калып, кызыккандар көп болсо керек?
— Сага окшоп "кандайча коюлуп калды эле, кадимкидей эле мамлекет деген сөзбү?" деп сурагандар толтура. Азыркыга чейин кызыгып, сурашат (күлүп).
— Сизди көрөрмандар "Көчө" тасмасынын көркүн ачкан дүкөнчү Малике катары тааныйт. Тасмага канча жашыңызда, кандайча тартылып калдыңыз эле?
— "Көчө" кинофильмин канча көрсөк тажабайбыз. Жалаң залкар актерлор чогулган. Кадр артында да кызыктуу учурлар көп болсо керек?
— Туура, ал фильмде жалаң залкар таланттар ойногон. Көп эле кызыктуу күндөр болду. Анда бала экенбиз, бири эсте калса, бири жок. Эркектер тартуу иштери бүтөөрү менен кечинде отуруп алып, кыйкырып, тамашашалышп, каткырып карта ойночу эле. Бакен Кыдыкееванын "ай оозуңду боебо, косметиканы канчалык кечирээк колдонсоң ошончо жакшы" деп айткандары азыркыга чейин эсимде. Тасмада Маликеге сөйкө салган жери бар эмеспи. Аны тартаарда дагы кызык окуя болду эле. Кулагым ага чейин тешиле элек болчу. Актриса Рысмендиева кулагымды өтпөгөн, калың ийне менен көзөгөндө ыйлап жибере жаздагам. Анан калса жаңы көзөлгөн кулагыма алтын же күмүш эмес, арзан эле бир сөйкө салып коюшту эле. Алиман Жанкорозова мени "Мамлакат" дебей "ай, Өкмөт" деп чакырчу (күлүп).
Тасмага тартылуу учурундагы эң кызыктуу, унутулгус окуя — бул жолдошум, тасманын экинчи оператору Мурат Жыргалбаев экөөбүздүн сүйүү баяныбыз болгон. Экөөбүз "Көчөдөн" таанышып, табышканбыз.
(Ал ортодо сөзүбүзгө Мурат Жыргалбаев аралашып калды)
— Мурат Жыргалбаев: Элдин баары "келинчегиңди кайдан таап алдың эле?" деп тамашалап сураганда "көчөдөн тапкам" деп айтчумун. Башкалары тасмадан гонорар алса, менин фильмди тартуудан тапкам чоң олжом — Мамлакат болгон.
— Анан канча жыл сүйлөшүп, баш коштуңуздар?
— Мамлакат Кылычева: Тасма бир жарым жылдай тартылды. 1973-жылдын апрель айында Алматыда бүткүл союздук кинофестивалы болуп, анда "Көчө" кино картинасын көрсөтүштү. Бир айдан кийин эле биз баш коштук. Анда мен 18де, жолдошум 24 жашта болчу.
— Чыгармачылыгыңызды андан ары улантып кеттиңизби же…?
— Үй-бүлөлүү болгондон кийин аял кишиге чыгармачылыкты улантып кетүү кыйын эле болот экен. Анын үстүнө күйөөгө жаш тийдим, чыгармачылыкты уланткыдай искусство окуу жайын деле бүткөн эмесмин. Жолдошум оператор-режиссер болгондуктан, 3-4 айлап командировкага кеткени эле жетиштүү болчу. Эгер актриса болсом мен деле үйгө токтобой, балдар каралбай калмак да.
(Ал ортодо жубайлар жаш кездерин эстеп күлүп алышты)
— М.Ж: Үйдүн эрке келини болчу. Шаарда төрөлүп-өскөн кыз болсо да айрым аялдарга караганда ичеги-карынды шумдук артып, конок келгенде баарын жалгыз өзү тейлеп койчу.
— М.К: Кайнатамдын Ысык-Көлдө карындашы бар болчу. Бир күнү алардыкына конокко барып калдык. Жездебиздин атын минип, жүк ташыган унаа менен кошо жарышып чаап кетип калыптырмын. Туугандардын баары тең таң калып, күлүштү эле. Ошондон бери көлдүктөр мени "орус келин" деп жакшы көрүшөт.
— Мурат Узакбаевич өзүңүз тууралуу дагы кененирээк айтып кетесизби? Кайсы тасмаларга оператор болдуңуз эле?
— Мен Фрунзеде төрөлүп-өскөм, атам өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеди. Москвадагы театралдык искусство техникумун аяктагам. "Көчө" тасмасынан сырткары "Каныбек", "Бешик" көркөм фильмдерин видеого түшүргөм.
Негизи даректүү фильмдерди көп тарттым. Алсак, Токтогул ГЭСинин курулуш иштерин башынан аягына чейин видеого түшүргөм. Андан сырткары документалдуу кино картина үчүн Байкал көлүн сүзүп чыктык, Афганистандагы согушка бардым. Токтогул ГЭСин тарткан документалдуу фильм үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына да талапкер болгом, бирок кандайдыр бир себептер менен берилбей калды. А бирок Комсомолдун сыйлыгын алдым. Документалдуу фильмдерди тартып жүрүп, көркөм тасмаларга эмнегедир көңүлүм жылыбайт. Кыргыздын эң күчтүү көркөм тасмасы деп мен Режиссер Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайытын" айтаар элем. Азыркы көркөм фильм деп тартылгандар жөн эле видео. Анда чыныгы жашоо көрсөтүлгөн эмес.
— "Көчө" тасмасында Токтогул ГЭСи жаңы курулуп баштаган кези көрсөтүлөт эмеспи. Фильмдеги көчөнү толугу менен киностудия салган деген чынбы?
(Мамлакат Кылычева жолдошунун сөзүн улай)
Тасмадагы дүкөн азыр да иштейт. Жергиликтүү тургундар аны "Маликенин дүкөнү" деп коюшат экен.
— Балдарыңар жолуңарды жолдодубу?
— Бир кыз, эки уулубуз бар. Үчөө тең чыгармачылыктан тышкары жумуштарда иштейт. Улуу кызыбыз полковник, Ички иштер министрлигинде кызмат кылат. Экинчи уулубуз үй-бүлөсү менен Алматы шаарында жашайт. Ал эми үчүнчүсү банк кызматкери.
— Учурда эмне менен алектенесиздер?
— М.К: Мен азыр деле бала бакчада тарбиячымын.
— М.Ж: Өзүм үчүн документалдуу тасмаларды тартып, монтаж кылам. Жубайым Мамлакат тууралуу тарткан даректүү кино картинам да бар.