Самара Каримова жетекчи кызматка дайындалды

Окуу жайдын мурдагы директору өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы билдирди.

"Ырчы маданият министринин буйругу менен музыкалык окуу жайды жетектемей болду. Ал эми мурдагы башчы өз каалоосу менен кызматтан кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, былтыр министрлик 28-июлда Каримованы Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башкы директору болуп дайындаган. Мындай чечимге коомчулукта нааразычылыктар пайда болуп, мындан улам ырчы аталган кызматтан баш тарткан.