Бишкектеги №66 мектептин директору иштен алынышы мүмкүн

Мэрия борбор калаадагы мектепте болгон окуянын чоо-жайын айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектеги №66 мектептин директору Минара Якупованы окуучулар менен болгон окуядан кийин иштен алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин интернет айдыңына окуучу бала башка окуучу балдарды уруп-согуп жатканы боюнча видео тарап кеткен.

Бүгүн эртең менен муниципалитет алдын ала маалымат боюнча мектепте рэкетчилик фактысы аныкталбаганын маалымдаган. Ал эми видеодогу балдар 7 жана 8-класстын окуучулары экени аныкталган. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралганы белгилүү болгон. Окуучулар менен ата-энелер Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына чакырылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле мэр Азиз Суракматов мектеп директорун сүйлөшүүгө чакырары айтылды.

Мектепке бара албаган балдар үйдөн кантип билим алса болот? Жол-жобосу
Ал эми мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев РИИБ, билим берүү башкармалыгы, райондук билим берүү борборлору жана райондук акимдердин орун басарлары менен жыйналыш өткөрүлүп, мектептин аймагындагы коопсуздук маселели талкууланганын билдирди. Эми жакынкы күндөрү билим берүү мекемелерин кайтаруу милдетин ИИМге өткөрүп, мектепке видео камераларды орнотуу маселеси каралат.

Бишкек ШИИББ өз учурунда жалпыга билим берүү мекемелериндеги рэкетчилик жана баңги затын сатуу фактыларын аныктоо үчүн текшерүүлөрдү күчөтмөй болду.

Мэрия ошондой эле дисциплинардык комиссия Свердлов райондук акиминин орун басарынын, мэриянын социалдык саясат бөлүмүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин жана №66 мектептин директору менен райондук билим берүү борборунун жетекчисин иштен алуу маселесин карай турганын маалымдады.