Президенттин аппаратына жаңы бөлүм башчы келди

Бул кызматты аркалаган Нурсулу Ахметова 19-октябрда жумушунан бошотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп Данияр Иманалиев дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков жаңы дайындалган тышкы иштер министрине тапшырма берди
Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Бул кызматты аркалаган Нурсулу Ахметова 19-октябрда жумушунан бошотулган

Белгилей кетсек, Иманалиев буга чейин экономика министринин орун басары, өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.