Жээнбеков жаңы дайындалган тышкы иштер министрине тапшырма берди

Президент өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө зарылдыгына дагы токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлөргө болгон иш сапарларда кол коюлган бардык келишимдерди ишке ашыруу, өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө зарылдыгын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алганда айтты. Жолугушуу тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Министр иностранных дел Чынгыз Айдарбеков

"Өлкөнүн тышкы саясаты ырааттуу, терең ойлонулуп жана тең салмактуу болуп, биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылгын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек", — деди Жээнбеков.

Жаңы министр Айдарбеков РФ элчиси Крутько менен жолукту. Эмне кеп болду?
Ошондой эле инвестицияларды тартуу, өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүү, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтүү милдети коюлду.

Айдарбеков өз кезегинде тышкы саясат ведомствосунун ишмердигине байланыштуу акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында резонанс жараткан маселелерге жана сын-пикирлерге байланыштуу укук коргоо органдары тийиштүү иш алып барып жатканын маалымдады.