Министр Айдарбеков Өзбекстандын элчиси менен жолукту

Жолугушуу маалында кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча маселелер каралды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовду кабыл алганын аталган министрлик билдирди.

Жээнбеков жаңы дайындалган тышкы иштер министрине тапшырма берди
Маалыматка ылайык, элчи Айдарбековго Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун куттуктоосун жеткирген.

Жолугушуу маалында кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча маселелер каралып, буга чейин сүйлөшүлгөн макулдашууларды жүзөгө ашыруу жолдору талкууланды.

Министрлик кызматка жаңы дайындалган Чыңгыз Айдарбеков буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен да жолугуп сүйлөшкөн.