Икрамжан Илмияновду сот залынан алып чыгып кетишти. Видео

Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын тандады.
Sputnik

Арест Икрамжана Илмиянова Первомайским райсудом Бишкека
Арест Икрамжана Илмиянова Первомайским райсудом Бишкека
Сот айыпталуучуну 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды. Ошондой эле анын кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Алматынын атайылаштырылган райондор аралык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карай баштады
Алматыда экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту болду. Сүрөт
Икрамжан Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу) боюнча айыпталып жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча өкүм чыгарган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал коррупцияга шектелүүдө. Илмиянов Россиянын аймагында кармалып, Бишкекке алып келингени тууралуу ишемби, 20-октябрда белгилүү болду.