Икрамжан Илмиянов Москвадан колго түштү

Илмиянов Бишкекке жеткирилгени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов УКМКнын кызматкерлери тарабынан Москвадан кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен маалымдашты. 

Илмияновдун айылына бардык. Кыштактын кендир кескен көйгөйлөрү
Ал эми укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдиргендей, Илмиянов Бишкекке жеткирилди. 

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмияновду камоо боюнча токтом чыгарган. Андан соң УКМК Илмияновдун Кыргызстандан ушул жылдын июнь айында чыгып кеткенин айтып, издөө жарыялаган