Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Биринчи Май райондук сотуна алып келинди.
Сотто анын баш коргоо чарасы каралат. Видеодогу көк куртка менен кепка кийген — Икрамжан Илмиянов.
Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында он чакты милиция кызматкери турат. Ошондой эле Илмияновдун аялы, иниси жана туугандары келди. Сот залына журналисттерди киргизген жок. Учурда Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарев соттун имаратына кирип кетти.
Эске салсак, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча өкүм чыгарган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал коррупцияга шектелүүдө. Илмиянов Россиянын аймагында кармалып, Бишкекке алып келингени тууралуу ишемби, 20-октябрда белгилүү болду.