Facebook тармагына “Икрамжан Илмиянов камакка алынсын” делген документ тарады

Расмий органдар бул боюнча билдирүү тарата элек.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. – Sputnik. Facebook социалдык тармагына 18-октябрь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы тандалганы боюнча соттун чечиминин көчүрмөсү делген документ тарады.

Аны Камиль Балбаев аттуу колдонуучу баракчасына жүктөп “Эч ким көрө элек беле” деп жазган. 

Кагаздагы маалыматка караганда, сот Илмияновду УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган. 

“Икрамжан Илмиянов тергөө абагына жеткирилген күндөн тарта 48 сааттын ичинде анын кармалгандыгынын аныктыгын жана мыйзамдуулугун текшерүү үчүн сотко алып келиниши керек”, — деп токтомдун көчүрмөсү делген документте жазылып, сот деп көрсөтүлгөн А.Калыбаев аттуу адамдын колу коюлган. 

Илмияновдун айылына бардык. Кыштактын кендир кескен көйгөйлөрү
Аталган токтомдун аныктыгын расмий органдардан тактоо мүмкүн болгон жок. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү бул боюнча күндүз тактап бере аларын айтса, УКМК менен байланышуу аракетинен майнап чыкпады. Ал эми Илмиянов саясий кеңешинде мүчөлүк кылган КСДПнын маалымат кызматы да азырынча расмий маалыматка ээ эместигин айтты.