БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аба ырайы жылыса дагы шаардыктарга жылуулук берүү токтотулбайт. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ушул жекшембиден тарта өлкө аймагында күн 18 градуска чейин жылый турганын синоптиктер маалымдаган. Божомолдоолорго караганда дүйшөмбү күнү күн 18 градуска, ал эми ишемби жана жекшембиде 19-20 градуска чейин көтөрүлөт.
Айдаралиева күн жылыган учурда жылытуу куурларындагы суунун температурасы жөнгө салынып турарын айтты.
"Температура жөнгө салынып турат, бирок жылуулук берүү таптакыр токтоп калбайт. Анткени ал аябай чоң система. Жылытуу сезону маалында жылуулук берүү күйгүзүлүп-өчүрүлбөйт. Жылытуу сезону кийинки жылы жазында бүтөт", — деди ал.
Маалымат катчы ошондой эле "Электр станциялары" ишканасына "Бишкекжылуулуктармактары" күн сайын температуранын параметрин айта турганын, "Электр станциялары" ошого жараша жылуулук менен ысык суу берерин кошумчалады.
Бул ишкананын маалымат кызматы учурда мекеменин кызматкерлери үйлөргө жана социалдык объектилерге жылуулукту кошуу боюнча иштеп жатканын билдирип, элден көптөгөн телефон чалуулар түшүп жатканын билдирди. Ошондой эле "эгер кийинки жумадан тарта күн жылый турган болсо жылуулукка чыккан акча кайра эсептелиби" деген суроого кийин жооп болорун айтышты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарына жылуулук 17-октябрдан тарта бериле баштаган.