Мейвезер Нурмагомедов менен кандай шартта мушташа турганын айтты

Мейвезер Нурмагомедов менен боло турчу беттеш Лас-Вегаста өтөрүнө ишеним артып, Хабиб ага чейин өзүн таалим-тарбиясы бар спортчу экенин далилдеши керектигин кошумчалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Америкалык мушкер Флойд Мейвезер UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен бокстун эрежеси менен гана беттешүүгө даяр. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Ал мени чакырды, демек менин дүйнөмө баш багышы керек", — деди Мейвезер.

Боксчу ирланиядык Конор Макгрегор менен болгон беттеш үчүн берилген акчасынан 100 миллион долларга көбүрөөк каражат табуу ниетин айткан. Белгилей кетсек, таймаш 2017-жылы өтүп, анда Мейвезер Макгрегорду нокаут менен жеңип алган.

Макгрегор реванш үчүн Нурмагомедовго 15 млн. доллар сунуштадыбы? Хабибдин жообу
Ал Нурмагомедов менен боло турчу беттеш Лас-Вегаста өтөт деген ишенимин айтып, Хабиб ага чейин өзүн таалим-тарбиясы бар спортчу экенин далилдеши керектигин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 6-октябрь күнү россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону титилук коргоп калган. Андан соң америкалык боксчу Флойд Мейвезерди беттешүүгө чакырып, сунушту кабыл алган Мейвезерге беттеш Лас-Вегастан башка шаарда өтсүн деген талабын билдирген.

Россиялык спортчунун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов мелдеш Россияда өтүшү керек деген пикирде.