Медициналык илимдердин кандидаты Елена Решетинага алгач "Кыргызстанда жападан жалгыз аял проктологсузбу?" деген суроо узаттым. "Жок, албетте, биз көппүз!" деп так секирди врач. Изилдеп көрүп, өлкө боюнча жоон ичеги ооруларын дарылаган үч гана айым врач бар экендигин билдик. Көрсө, айымдар медицинанын проктология багытына өтө чанда барышат экен.
— Эмнеге дал ушул кесипти тандап алдыңыз эле?
— Медициналык окуу жайда жүргөнүмдө эле курбума эч качан проктолог болбойм дегем. "Ал эми мен эч качан гинекологияга аяк баспайм" деп ал да мени кубаттаган. Анан эмне болду дебейсиздерби? Көп жылдан соң мен акыры проктолог болуп калдым, ал гинекология багытына өттү.
Негизи мен алгач онколог болууга кам ургам, дүйнөнү сактагым келчү. Кийин үй-бүлө менен онкологдун кесиби айкалышпай турганын аңдадым, андай врач күн-түн дебей ишке чыгууга дайын турушу зарыл экен. Ал эми мен бала көргүм келген, ошондо да араң 29 жашымда төрөдүм. Үйрөнгөн багытыма жакын кесипти издөөгө аргасыз болдум. Ординатураны ичеги шишиги бөлүмүндө өткөндүктөн, бул тармакка жакынын тандоону чечип, проктолог болуп калдым.
— Сиздерге кайрылган бейтаптардын негизги үч дартын атасаңыз?
Башка бир коркунуч — керээли кечке отуруп иштөө. Ар бир саат аралыгында беш мүнөт сейилдеп, иштен кийин фитнес менен машыгып же сууда сүзүп туруу дурус. Андан да кооптуусу — кишинин таңдан тарта туруп иштөөсү. Мындай учурда дарттын алдын алуунун бир гана чарасы — бийик така кийүүдөн баш тартыңыз, бут кийим ыңгайлуу болушу шарт.
Геморрой спирт ичимдигин көп ичкендерди да тооруйт. Алкоголь кан тамырларды кеңейтип жиберет, бул ыйынган сайын канай беришине алып келет. Айрыкча, спирт ичимдигин татып алып, саунага барганыңызда кооптуулук жаралат.
— Интернетте геморройду жеңүү боюнча көп-кеңештерди табууга болот. Өз алдынча дарылануу ыкмаларына сиз кандай карайсыз?
— Эгер канап кыйнабаса, дарыкана каражаттары менен дарыланууга болот. Эгер эки апта бою эч кандай жыйынтык чыкпаса, бекер убара тартпастан, врачка багынып бериңиз.
Элдик ыкмалардан өтө этият болуу абзел. Бизге кайрылган улгайган аялдардын аягы узүлбөй калган бир убак эсимде, баары ичтери катып ооруганына даттанышкан. Ар биринин арткы тешигинен картошканын кесиндилерин алып чыктык. Көрсө, чоң энелер Геннадий Малахов катышкан телеберүүнү көрүп, анда кимдир-бирөө картошка геморройго даба деп кеңеш берген экен.
— Проктологиялык оорулардын экинчи сабында кайсы дарт турат?
— Парапроктит — кичине жамбаш чарасынын май клетчаткаларынын сезгениши. Ал сыздатып оорутат, эч кандай оору басаңдатуучу дары да жардам бербейт. Адам отура да, тура да албай калат…
Үчүнчү орунда — арткы тешиктин былжырынын кесилип кетиши (жаракасы). Көбүнесе жаңы көз жарган аялдарда көп кездешет. Дааратканага барган сайын чыдатпай оорутканы — дал ушул дарттын белгиси.
— Бейтаптардын баары тартынабы?
— Интимдик мамиленин мындай түрү саламаттыкка канчалык кооптуу?
— Эгер аял туурасында айтсак, ичеги таякчасы бала төрөө органдарына түшүп калуу коркунучу бар. Аны антибиотик менен жоюу мүмкүн эмес, бул жыныс тутумунун өнөкөт сезгенишине алып келиши ыктымал. Презерватив колдонуу менен гана мындайда көйгөйдүн алдын алууга болот.
Ошондой эле катнаштын ушундай түрү көтөн чучуктун рагын пайда кылышы ыктымал, мындай ачылыш үчүн окумуштууларга Нобель сыйлыгын беришкен. Себеби, эркектин бел суюктугу аялдын арткы тешигинде чирийт, башкача айтканда, канцерогендик заттарды бөлүп чыгаруу менен сиңип кетет.
— Бейтаптардын басымдуу бөлүгүн кимдер түзөт? Эркектерби же аялдарбы?
— Проктологиялык ооруларга аялдар да, эркектер да бирдей эле кабылат. Бирок аялдар өз саламаттыгына кам көрө билишет, жүз айымдын бирине гана операция талап кылынат. Ал эми мырзалар арасында бул көрсөткүч 20-30 пайызды түзүшү мүмкүн. Айтмакчы, мындай дарттар жыл өткөн сайын "жашарып" баратат. Эмнеге мындай? Жаштар клетчатка аз камтылган жогорку каллориялуу тамакты гана жешет. Ооба, айтайын дегеним, тез татым менен азыктануу изин калтырбай койбойт! Мындан тышкары, улуу муун көбүрөөк кыймылдачу, ал эми азыр жаштар телефон менен гана отуруп калышпадыбы.
— Алдын алуу ниетинде проктологго кайрылууга болобу?
— Эгер эч нерсе кыйнабаса, убара тартуунун кереги жок. Бирок чындыгында 40 жаштан жогоркулар колоноскопиядан өтүп, жоон ичегини текшертип коюулары зарыл. Аны ар бир беш жылда кайталаган оң.