Кыргыз парламентинин 80 жылдыгы шаан-шөкөтсүз белгиленет

Жогорку Кеңеш тийиштүү токтом кабыл алды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесин белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин маалымат кызматынан билдиришти.

Дарыгердин 70, райондук гезиттин 80 жылдыгы. Мамлекет өткөргөн 105 той
Анын курамына вице-спикер Мирлан Бакиров, депутаттар Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Талант Мамытов ("Республика — Ата-Журт"), Каныбек Иманалиев ("Ата Мекен"), Зиядин Жамалдинов ("Өнүгүү — Прогресс"), Акылбек Жапаров ("Бир Бол"), Таалайбек Масабиров ("Кыргызстан") жана ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев кирди. Бул боюнча Жогорку Кеӊештин токтому да кабыл алынды.

ЖК төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесин белгилөөгө бюджеттен кошумча каражат талап кылынбай, илимий конференциялар менен гана чектеле турганын баса белгиледи.