Чуулуу кылмыштардын уюштуруучусу Караколдон кармалды

Учурда укук коргоо органдары анын башка кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун текшерип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Криминалдык милициянын кызматкерлери 4-сентябрда Каракол шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Жылдызбек Бекмурзаевди кармады.

Маалыматка ылайык, Бекмурзаев Кыргызстан менен Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган.

"Атайын операция дээрлик бир ай жүрдү. Бекмурзаев кармалган учурда жанында 20 кутуга салынган нашаа табылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда укук коргоо органдары анын башка кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун текшерип жатат.

Интерпол издеген өзгөчө коркунучтуу кылмышкер Бишкектен кармалды
Бекмурзаев кооптуу кылмыштуу топтун башчысы. Ал Бишкектеги Кытай кафесине кол салууга, акча алмаштыруу жайларын карактоого жана дин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө кол салууга тийиштиги бар.

2017-жылы Бекмурзаев чек арадан мыйзамсыз өттү деп Казакстанда кармалып, кийин качып кеткен. Ал ошондой эле быйыл сентябрь айынын башында Ош шаарынын четинде байкалганы айтылган. Анын Mersedes үлгүсүндөгү унаасы аэропорт тарапка кеткен жолдогу жүгөрү талаасынан табылып, өзү качып кеткен. Кылмышкерди кармоого Ош шаардык, облустук жана ИИМдин Түштүк аймагы боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тартылып, издөөгө алынган.