Мамакеев, Жумабеков эмне менен ооруйт? Атактуу дарыгерлердин эл билбеген дарты

Бул ак халатчандар ишинде миңдеген адамга экинчи өмүр берип, "залкар дарыгер" деген атка татыктуу болушкан. Бирок бардыгы эле алар жабыркаган оору тууралуу биле бербесе керек.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү дарыгерлердин өз оозунан илдети тууралуу сураштырды. Кээси агынан жарылса, айрымдары жазбай эле коюшубузду өтүндү.

Мамбет Мамакеев үч ирет операция жасаткан

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев

Мамакеев кечээ жакында 91 жашын белгиледи. Ал өмүрүнүн 68 жылын бейтаптарга арнап, 30 миңге чукул уникалдуу операцияны ишке ашырган. Бул да чек эмес, улгайып калганына карабай күнүнө бештен, кээде онго чейин операция жасайт.

"Өмүрүмдө үч операция жасаттым. Эркектин табарсыгынын алдында аденома деген без болот. Тукум ошол аркылуу өтөт. Жаш өткөн сайын без заара өткөрбөй кысып, шишип баштайт. Сексен жашымда ошондой белги болгондо алдырып салдым. 10 жыл мурда көзүмдүн хрусталы агарып кетип, анысын алдырдым. Эки жыл мурда Германияга барып жүрөктүн чоң кан тамыры — толтону жасатып келдим. Ал кан тамыр чоңоюп отуруп бир күнү жарылса, адам "а" дегенге жетишпей кете берет", — дейт хирург.

Ал ошондой эле учурда буттары ооруп, кулагы начарлап калганын, бирок бул карылык белгиси экенин айтат.

Хирургдун мамлекеттик сыйлык жана наамдарын санап отурса манжа жетпейт. Эң ириде 2004-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Кардиохирург Калдарбек Абдраманов нервдерге суук тийгизип…

Хирург столичной больницы Калдарбек Абдраманов

Абдраманов Жалал-Абаддагы аймактык жүрөк-кан тамыр илимий борборунун жетекчиси, белгилүү кардиохирург.

"Бала кезде көйрөң, шок бала элем. Кышында апамдын тилин укпай мектепке костюмчан кетип калчумун, эшикте суукта кечке чейин ойночумун. Ошентип жүрүп бир күнү моюн омурткасынын нерв ткандарынын шишик оорусуна кабылдым. Агезде онго чыгып калгам. Оорунун кесепетинен оң колум менен оң бутум жакшы кыймылдабай бир топко чейин дарыландым. Себеби дарыгерлер эки жылга чейин так диагноз кое албай жүрүп анан операция жасашты. Андан кийин куландан соо болуп чоңойдум. Адистердин кеңеши менен көп кыймылдоого аракет жасадым. Армияга бардым, футбол ойнодум, бокс боюнча спорт чеберине талапкер да болдум", — дейт дарыгер.

Учурда ал ден соолугуна абдан жакшы көңүл бура тургандыгын кошумчалады.

Абдрамановдун уникалдуу операциялары абдан көп. Эки-үч жыл мурда операция убагында бейтапкананын жарыгы өчүп калып, уюлдук телефондун жардамы менен жасаган.

Ооруга моюн толгобогон Миталип Мамытов

Герой Кыргызской Республики, заслуженный врач и деятель науки КР. Награжден медалью "Данк" и золотой медалью "Один из миллиона" Кембриджского международного биографического центра Миталип Мамытов

Белгилүү дарыгер-нейрохирург, профессор Мамытов 78 жаш курагына чейин олуттуу ооруларга кабылбаганын айтат.

"Ишенбесеңер бейтаптарды каттоого алган карточкаларды казып көрсөңөр болот. Бир ирет көзүм менен тишим ооруду эле, азыр баары жайында", — дейт Мамытов.

Дарыгердин өмүр жолу, балалыгы тууралуу редакция даярдаган "Айылга каттан" окуңуз.

Ортопед Сабырбек Жумабековду уйку басып

кыргызстанский врач-ортопед, академик Сабырбек Джумабеков

Бейтаптар сөөк дарыгерин "алтын колдуу ортопед" деп сыпатташат. Чындыгында эле бул кишинин ысымын ар бир кыргызстандык билет.

"Чогулуштарда сүзүлүп кетем. Студент кезде лекция болуп жатса арткы партага жатып уктай берчүмүн. Ошон үчүн депутат болгум келбейт. Уккан кишиге кызыктай туюлушу ыктымал. Чарчагандыктын натыйжасы ушул. Жакшы эс алыш үчүн күнүнө жети саат укташым зарыл. 2006-жылы өтүмдү алдыргам. Үч күндөн кийин операцияга чыгып кеткем. Биздин жумушта оорудум деп жатып алганга болбойт", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле Бишкектеги Ортопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси.

Хирург, онколог Эрнис Тилеков: өлүмдөн калгам

Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков

Тилеков Онкология жана гематология борборунун жетекчиси. Бул кызматка чейин өмүрүн Улуттук хирургия борборуна арнаган.

"7-класста окуп жүргөндө ичим катуу ооруду. Айылда кайдагы дарыгер. Үйдөгүлөр өз билишинче дарылайм деп атып сокур ичегим жарылып кеткен. Операция жасалып аман калдым. Эки жыл мурда бутумду сындырып алып үч ай төшөктө жаттым. Азыр ошол сынган бут аба ырайы сууктаганда сыздатып калат", — дейт дарыгер.

Эрнис Тилеков бир нече ай мурда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, ишмердүүлүгү, жетекчилик кызматы тууралуу айтып берген.

Накен Касиев. Гипертония

Белгилүү дарыгер карьерасында терапевт, кардиолог кызматын аркалап, саятсатка чейин аралашкан.

"Кан басымдын жогорулашы (гипертония. — ред.) профессионалдуу оору. Тамаша менен айтканда, саясатчылар көп жабыркайт да", — дейт Касиев.

Мамлекеттик ишмер учурда 70 жаштан өтүп калганына карабай Кыргыз-орус славян университетинин ден соолук жана коомдун саламаттыгын сактоо кафедрасын жетектеп, жаштарды тарбиялап келет.

Сотмедэксперт Максутов: оору дегенди билбейм

Заведующий отделением исследования трупов Республиканского бюро судебно-медицинской экспертизы Эрмек Максутов

Эрмек Максутов Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун Өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн башчысы, буга чейин медициналык-криминалисттик бөлүмдү жети жыл жетектеген. Андыктан ал кишини сыртынан карап эле "окуп" коет.

"Кудай сактасын, денем оорудум дей элек. Спорт менен машыгып, дени сак жашоо образын жүргүзгөнүмдүн таасири болсо керек. Убагында бокс боюнча СССРдин чебери аталгам", — деди сотмедэксперт.

Максутовдун "өлүкканадагы" иши тууралуу маегин материалдан окуңуздар.