Жакында эле туугандарыбыз той өткөрүп аларга жардам берип жүрдүм. Албетте ырчы-чоорчусуз той өтпөйт. Бирок алардын "ставкасын" укканда өзүң эле ырдап жибергиң келет экен. Элге кичине төбөсү көрүнүп калган ырчылар 300 доллардан ары карай сүйлөйт. 10 мүнөттө үч ыр ырдап "Эки жаш бактылуу болсун, тоюңар тойго улансын!" деп коюп сырттан келе бери акчаны дейт. Бийчилери дагы 10 миң сомдон ылдый эмес. Муну көрүп ырчы же бийчи эле болуп албай деп отуруп каласың. Мен эле эмес, ар бир той өткөргөн адам ырчы болгусу келип кетсе керек. Мейли эми кызмат акылары өздөрүнө насип этсин.
Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна салына турчу сквердин болжолдуу эскизин көрсөттү. Эгер сүрөттөгүдөй кылып курса бир сонун болчудай. Ишенип туралы… Адатта эскизде башка, иш жүзүндө башка болуп чыга келчү эле.
Ал арада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев байларды Түркестанга бирден имарат курууну милдеттендирди. Бизде да ушинтсе кантет ыя?
Мектеп окуучулары күзгү каникулгакачан тарай турганы айтылды.
Коомдук активист Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Адистер медициналык терминдерди кыргызчага которуу оор экендигин белгилешет. Себеби илдеттердин аталышынын көбү грек тилинен келген. Ошентсе да алардын кыргызча маанисин табууга мүмкүн. "Тибиртке" рубрикасында дал ушул темага токтолобуз.
Башкы прокуратура транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогонун кабарлады. Акчаны кымырып калгысы келгенби, айтор, начар цемент колдонушуптур.
Өлкө аймагына карата алынган аба ырайы.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.70 (сатып алуу) жана 68.99 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Күнүңүз куунак өтсүн!
Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.