Ошто AviaTraffic компаниясынын дагы эки каттамы убактылуу токтотулду

Жетекчи жүргүнчүлөрдү көздөгөн жерине убагында жеткирүүгө учактар жетишпей жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. AviaTraffic авиакомпаниясы дүйшөмбү күнү Ош — Москва багытындагы эки каттамын убактылуу токтотуп турууга мажбур болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган компаниянын жетекчиси Алик Аскаров тастыктады.

Анын айтымында, каттамдардын өз маалында аткарылбай калышына учактын жетишсиздиги себеп болууда.

"Өзүңөр билгендей 30-сентябрь күнү Ош шаарында Boeing-737 үлгүсүндөгү учагыбыз кырсыктады. Ал азыр оңдолуп жаткандыктан, бир нече ай мурда пландалган каттамдарды аткарууга жетишпей жатабыз. Бирок биз ал каттамдарды таптакыр токтотуп, жүргүнчүлөр эмне болсо ошол болсун деп таштап койгон жокпуз", — деди ал.

Аскаров кошумчалагандай, дагы 2-3 күн учуулар убагынан кечигип аткарылышы ыктымал. Дөңгөлөгү жарылган учак ишке кирери менен абал кайра мурунку калыбына келет.

Ошондой эле жетекчи жүргүнчүлөр мейманканаларга жайгаштырылып, тамак-аш берилип жатканын кошумчалады.

Кыргызстан аба каттамы боюнча тогуз мамлекет менен гана иштешет
"Каттамдар 3-4, эң көп дегенде алты саатка чейин кечигип жатат. Андыктан кардарларга бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Шашылыш же башка компаниянын кызматын колдоном дегендерге билет сатып беребиз", — деди Аскаров.

Эске салсак, жекшембиде, 30-сентябрда саат эртең мененки тогуздар чамасында AviaTraffic авиакомпаниясынын Ош — Москва каттамы менен бара жаткан учагы учуу тилкесинен дөңгөлөгү жарылып, аба кемеси 147 жүргүнчү менен кайрылып келүүгө мажбул болгон. Жүргүнчүлөр тогуз сааттан кийин гана башка учак менен учуп кетишкен.