БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү, 30-сентябрда Ош аэропортунда кырсыктаган учак тууралуу AviaTraffic компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров үн катты. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына дөңгөлөгү жарылган Boeing-737 учагы акыркы техникалык кароону Украинадан өткөнүн айтып берди.
"Учактарыбыз пландык кароолорду Украинадан өтөт. Ал эми учкучтар жылына эки ирет Балтика өлкөлөрүнөн окуп келет. Мындан тышкары күн сайын Москва, Стамбул сыяктуу ири шаарларга каттайбыз. Ал жактагы аэропорттордон дагы самолет текшерүүдөн өтөт. Эч биринен бул учактын дөңгөлөгүндө мандеми бар деп айтылган эмес", — деди Аскаров.
Андыктан жетекчи кырсыктын чыгуу себептерин алдын ала айтуу мүмкүн эместигин, учурда атайын комиссия иштеп жатканын кошумчалады.
"Комиссия мүчөлөрү учуу тилкесин карап чыкты. Ал жерден дөңгөлөктү жарып кете турган эч нерсе табылган жок. Эми адистер бардык жагдайларды иликтеп чыккандан кийин гана кырсыктын анык себеби билинет", — деди жетекчи.
Буга чейин дагы AviaTraffic авиакомпаниясынын учактары каттамын токтотууга мажбур болгон окуялар катталган. Биринчи окуя 29-июлда, экинчиси 5-августта болгон. Экөөндө тең учактар абага көтөрүлгөндөн кийин кайра кайтып келишкен.