АКШдагы телеканал Кардашьяндын күйөөсү Трампты мактаган жерин эфирден кесип салды

Президент кийин ырчыга ыраазычылык билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Америкалык NBC каналы модель жана актриса Ким Кардашьяндын жолдошу рэпер Канье Уэст президент Дональд Трампты мактаган жерин эфирден кесип салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Көрүүчүлөргө тартууланбай калган үзүндүнү кийин Майк Дин аттуу продюсер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Трамп: Ким Чен Ын экөөбүз аябай ынак болуп калдык
​Ырчы ырында "сахнанын артында турганда мени кантип сага Трамп жагат? Ал расист дешкен. Эгер мен АКШдагы улутчулдуктан запкы көрсөм эчак эле башка жакка кетип калмакмын да" деген сөздөрдү айткан.

Ошол маалда залда элдин нааразы болуп, кыйкырып жатканын угууга болот.

Мындан көп өтпөй президент Дональд Трамп өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу рэперге ыраазычылык билдирип, эмнеге көрүүчүлөр аны саясий көз карашы үчүн сындап жатканына түшүнбөгөнүн айткан.