БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жалал-Абадда аймактарды өнүктүрүү жылына жана журналист Исмаил Мамытовдун жаркын элесине арналган грэпплинг боюнча облустук чемпионат болуп өттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучу Кыялбек Ильяс уулу билдирди.
Мелдеш 25-сентябрь күнү Аксы районундагы Мукур айылында өткөн. Турнирге 30 килограмм салмактан 85 килограмм салмакка чейинки спортчулар катышкан.
Кыялбек уулунун айтымында, ал мурда Исмаил Мамытов менен облустук мелдешти жылына эки жолудан уюштуруп турууну пландашкан.
"Исмаил менин жакын досум жана классташым. Ал тирүү кезде жаштар менен биргеликте спорт зал ачып, маал-маалы менен турнир өткөрүп турууну пландаган болчубуз. Биринчисин 10-апрелде уюштуруп, ага өзү келе албай калган", — деди Ильяс уулу.
Ал ошондой эле мелдештин жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланганын жана оюндун соңунда Мамытовдун арбагына багышталып куран окулганын кошумчалады.
Мамытов 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юриспруденция адистигин аяктаган. "Санжыра" радиосунда, "Манас жаңырыгы" телерадио компаниясында алып баруучу болуп эмгектенген.
2015-жылдын сентябрь айынан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалим, 2016-жылдын март айынан тарта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда иштеп келген.