Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында жай турмушта көп колдонулган айрым документтердин кыргызча маани-маңызы менен которулушун сунуштоону туура көрдүк. Буга тилчи-лексикограф Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүк" жана "Кыргызча-орусча юридикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү" адабияттары колдонулду.
Акт — бир нерсени күбөлөндүрүүчү расмий документ. Ал мамлекеттик орган, кызмат адамы тарабынын мыйзамда белгиленген таризде чыгарылып милдеттүү аткарылуучу күчкө ээ болот.
Декларация — жарыялоо, айкындама. Ар кандай керектүү маалыматтар жазылган, жарыяланган расмий документтердин наамы.
Договор — келишим.
Доклад — баяндама. Белгилүү бир тема, маселе боюнча көпчүлүктүн алдында айтыла турган баяндама. Мисалы, отчеттук доклад, илимий темадагы докладдар бар.
Доверенность — ишеним кат.
Заявление — арыз, даттануу. Арыз жазуу жүзүндө жана оозеки берилиши мүмкүн. Аларды кароонун тартиби даттануу тартибин карагандай эле болот.
Кодекс —коомдук турмуштун белгилүү бир жагы боюнча системалаштырылган мыйзамдардын жыйнагы.
Конституция — өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүн, шайлоо системасын, мамлекеттик органдардын иштерин, уюштуруу принциптерин, жарандардын негизги укуктары менен милдеттерин белгилөөчү, аныктап көрсөтүүчү негизги мыйзам.
Меморандум — өкмөттүн белгилүү бир маселе боюнча көз караштары баяндалып жазылган дипломатиялык документ.
Направление — жолдомо кат.
Положение — жобо, ченемдик укуктук акт. Анда белгилүү бир мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин же бир тектүү органдар, мекемелер, уюмдар тутумунун укуктук статусу, уюштурулушу, иш тартиби толук белгиленет.
Постановление — токтом.
Приказ — буйрук.
Протокол — жыйында, чогулушта, суракта айтылган сөздөрдүн, кабыл алынган чечимдин бардыгы жазылган документ.
Распоряжение — тескеме.
Расписка — тил кат. Бир нерсени алгандыгын ырастап колу коюлган документ.
Соглашение — келишим, келишүү, макулдашуу, ынтымакташуу.
Справка — маалымкат. Бирөө же бир нерсе жөнүндө кыскача маалымат берген документ.
Указ — жарлык. Мамлекет башчысы (президент) чыгарган маанилүү актылардын аталышы.
Устав — кандайдыр бир уюмдун түзүлүшүн жана иш аракетин аныктоочу эрежелердин, жоболордун жыйындысы.