БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Швейцариялык "Цюрих" командасынын жаңы оюнчусу Беньямин Кололи беттеш маалында күтүлбөгөн окуяга туш богонун Sport Bible сайты билдирди.
Окуя Европа лигасынын алкагында Кипрдин Ларнака шаарныда өтүп жаткан мелдеште болду.
Экинчи таймда калыс атаандаштын дарбазасына пенальти белгилеп, швейцариялыктар тараптан мүмкүнчүлүк Кололиге буюрат.
Атаандаштын дарбазасына топту киргизе тепкен оюнчу күйөрмандарды көздөй чуркап бара жатып, алгач биринчи, андан соң экинчи тосмону аттап өтүп көз жаздымдан жок болуп кетет. Көрсө ал күйөрмандар футбол талаасына чыгып кетпеши үчүн казылган аңга түшүп кеткен экен.
Командалаштары аны аман-эсен алып чыгып, беттешти акыры жеңиш менен аякташты.