Атамбаевди "сен" деп, менден жинин чыгарчу. Үлкөн аткаминердин шоопурунун маеги

"Ал үчүн майда-барат адамдардын бири элем. Көбүнчө жинин менден чыгарчу. Ошентсе да, ал анык патриот болчу", — деди биздин маектеш. Ал эбактан бери эле үлкөн бир аткаминерди ташыган маалын баяндап бергиси келчү. Бирок ымандай сырын купуялуулук шарты менен гана ортого саларын билдирди.
Sputnik

Мирбек (аты өзгөртүлдү) эки жыл бою маанилүү бир кыргызстандык аткаминердин айдоочусу болуп иштеген. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жакшы мамиледе болгон. Шоопур катары Мирбек аны жумушка жеткирип, кээде соода кылууну каалаган аялын да кошо ташый турган. Ал чоң кызматтагы жарандын неберелерин да алып жүрчү, мектепке жеткирип, кайра алып келчү.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

— Инженер-геолог адистиги боюнча окугам, бирок диплом алууга жетишпей калдым. Бир убакта журналист болуп иштегем. Редакцияда чогуу иштеген кыз менен жылдызыбыз келишип, мамилебиз өрчүп, бат эле үй-бүлө курдук.

Тазабек Икрамов айдоочусунун жаңжалына жооп берип, журналистти "келесоо" деди. Аудио
Балалуу болгонубузда журналисттин маянасы жетпей баратты. Ири ишканага соода агенти болуп орноштум, жакшы акча таба баштадым, алтургай банкта эсеп да ачтым.

Кийин достор менен бирге жеке иш ачтык, соода түйүндөрүнө ширеңкеден унга чейинки күнүмдүк керектелчү товарларды жеткирчүбүз. Иштер алдыга жылды, кымбат унаа сатып алдым, акчанын даамын таттым, анан башталды…

Ачуудан көп ууртачу болдум, аягы үзүлбөгөн кайдагы бир достор жанашты… Эсиме бир келгенде курган ишибиз ураганын, карызга белчеден баткандыгымды аңдадым. Насыякорлордон кутулуу үчүн машинемди саттым, анын акчасы да карызды жаппады.

Россияга кеттим, кара жумушка кирдим. Карыздан кутулган соң, Бишкекке кайттым.

— Кантип ири аткаминердин айдоочусу болуп калдыңыз?

— Аргасыздан. Мен баарынан куружалак калгам, анан эле тааныштарымдан бир киши айдоочу издеп жатканын эшиттим. 2010-жыл эле. Менин жетекчим чоң бир мекеменин жетекчиси болчу, кызматы министр даражасында. Ал аткаминер мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси ысык болчу.

Кийин шефтин аялы анын шоопурлары эч токтобой жүргөнүн айтты. Анын кыйкырыгына, ачуулуу мүнөзүнө чыдай албай, бир-эки ай гана кармалып, иштен чыгып кетишчү экен. Анын тилин таба алдым өңдөнөт, эки жыл иштедим. Бирок ачуусун менден чыгарып, мага да кыйкырган учуру көп болгон.

— Эмнеден улам антип кыйкыра берчү эле?

— Өтө так киши болгондуктан, ал айдоочусунун бир мүнөткө да кармалганын таптакыр көтөрө алчу эмес. Андай убак аны дароо кыжырдантчу.

Колу-буту үзүлгөндөргө жардам берип... МАИчиге айланган таксист Ысманов менен маек
Калемди колго ала жумуштан кетүү үчүн бир канча ирет арызымды жазууга камындым, бирок анын жубайы мени токтото: "Чыдап кой, ал эртең эле урушканыңарды унутуп коет", дечү. Чындап эле менин жетекчим абдан ак көңүл киши болуп чыкты.

Моюнга алыш керек, бир жолу мен аз жерден иштен куулуп кала жаздагам. Аябай ичип алып, эртеси соолукпай, арактын жыты таркай элек кезде бардым ишке. Ооруп калдым деп чыкпай деле койсом болмок, бирок анын каарынан корктум. Баары бир ошол күнү чыкпай койсом эмне?!

"Жогол көзгө көрүнбөй! Арызыңды жаз!", — деп шефимдин кыжыры кайнады. Эки күн ишке чыкпадым, бирок кийин өзү чалып: "Кел кайра". Менимче, анын аялы ортого түштү өңдөнөт.

— Үлкөн аткаминерлердин айдоочуларынын маянасы кандай?

— Ак үйдө биз башка айдоочулар менен көп сүйлөшүп калар элек. Баары сыймыктана расмий айлыкка карашпагандыгын, аларга жетекчилери берерин айтышчу.

Олчойгон айлык алган бир шоопурду тааныйм, шефи ага батир менен машине белек кылган. Меники көп берчү эмес. Расмий түрдө беш миң сом алчумун, ал үстүнө беш миң кошуп берчү. Бирок анын аялы берешендиги менен айырмаланчу. Ал мага күйөөсүнө көрсөтпөй акча берип, аны сыр тутууну өтүнчү.

— Иш күнүңүз кандай өтөр эле?

— Менин шефим эки кызматтык унааны пайдалана алчу. Аларга 95-үлгүдөгү бензинден 700 литр каралган. Май кенен жетчү, себеби, Ысык-Көл менен Чүй облусунун чегинен чыкчу эмесмин.

"Балп" этип элден "таяк жеген" депутаттар. Парламентте кара пиардын атаманы ким?
8.30да анын терезесинин тушунда болууга тийиш элем. Өзүн эле тургай, аялын, бала-чака, неберелерин ташучумун. Расмий иш күнүм 17.30да бүткөнү менен аны түн ортосуна чейин көп күтүп калдым, күн сайын жолугушуулары боло турган.

Дем алыш күндөрүм да болчу эмес. Ал: "Эгер бош болсоң, келчи, сураныч" – деп телефон чалчу. Ага жок дей албайм, анткени, эки эрежени карманчумун. Биринчиси: жетекчинин сөзү дайым туура, экинчиси: биринчи эрежени кайтала.

Соода кылууга, мектепке, кайра мектептен үйгө барчубуз. Эч качан аларга жок дебедим, айткандарынын баарын аткардым. Баса, анын балдарынын тарбиясы мыкты эле, ар дайым мага ыраазычылык билдирип турушчу. Аларды ташыганда чындап эс алчумун.

— Жетекчиңизге кандай мамиле кылчусуз?

— Андан көптү үйрөндүм. Ал өз өлкөсүнүн анык патриоту болчу, көп иштечү, Кыргызстан үчүн бүт дили менен күйүп турчу. Пара алганын эч көрбөдүм. Ал киши жанына эч кимди жакын жолотпой, эч кимге берилип ишенчү эмес.

Ошентсе да, ишке алып жатканда тилиме сак болушумду эскерткен. Балким, бул анын үй-бүлөлүк конфликттерине тиешелүү болсо керек.

Мекемеде менден көпчүлүгү чочулап турчу, себеби алар менин шеф менен жакын сүйлөшкөнүмдү билишчү. Ошентсе да, мен ал жагдайдан пайдаланууга жол берчү эмесмин. Жаңыдан иштеп баштаганымда бир таанышым шефим менен жолуктурууну суранып калды, таптакыр ага кире албай жүрүптүр. Ооз ача электе эле шефим: "Эч качан мындай кылбай жүр!" – деп так кесе сөзүмдү токтотуп койгон.

— Маичилер менен мамилеңиз кандай эле?

Илмияновдун айылына бардык. Кыштактын кендир кескен көйгөйлөрү
— Эрежени бузбоого тырышчумун, ошондуктан мени токтоткон учур аз болчу. Билесизби, мурда МАИчилер пайда табышты көздөп, карабай эле баарын токтото беришчү. Азыр эреже бузгандар гана жазаланат.

Ошентсе да, таптакыр болгон эмес дей албайм. Күнөөмдү дароо моюнга алчумун. Машинанын мамлекеттик номуруна карап, алар кимдин айдоочусу экендигимди сурашар эле. Фамилиясын укканда эле: "Мындан кийин эреже бузба!" – деп жиберип коюшчу.

— Жогорку Кеңештин депутатынын айдоочусунун инспекторго жана биздин журналистке атырылган тасманы көрдүңүзбү?

— Ооба. Бул жеткен оройлук, уятсыздык! Алардын МАИчилерге да, журналистке да жасаган кылыгы адамгерчиликке жатпас иш. Бул балдар өз жетекчисинин бийлигин сезип алып көөп кетишкен, андай кырдаалда жаңжал чыгарууга болбойт да.

— Сиз жогорку кызматтагы адамдардын аң-сезимин билип калдыңыз. Алар кол алдында иштегендердин мындай ызы-чууларын кандай кабылдашат? Же коомчулуктун пикирине алар кош көңүлбү?

— Менимче, андай эмес. Депутаттын өзүнө бул иш дегеле жакпаса керек. Ал ачууланып, каарданганын билип турам. Абройдун күчү менен башканын үнүн басып, өз байланыштары менен ишти чечип коюшкан заман артта калды. Азыр баарынын камерасы бар, аткаминерлер андай чыр-чатакка барууну таптакыр каалашпайт, себеби баары ачыкка чыгып калат.

Айдоочу өзүн гана эмес, өз жетекчилигинин кадыр-баркын да ойлоого тийиш. Аларды оңой эле иштен айдайт, маңызында шоопурлар майда-барат саналып, анча бааланбайт эмеспи.

— Эмнеге иштен чыгып кеттиңиз?

ЖКнын алдында жалаң Жиптер го! Депутаттардын автоунааларынын баасы канча? Видео
— Жубайым "Сен дайыма сырттасың, дем алышта да жоксуң. Арзыйбы? Болбогон 10 миң сом үчүн балдар сенсиз чоңоюшабы?" – деп жалбарды. Арызымды жаздым, менин шефим чечимимден айныткан да жок. Бул түшүнүктүү да, мен ал үчүн кичинекей кишимин. Кетемби же кетпеймби, ага анчалык маанилүү эмес болчу. Ошондон бери аны көргөн жокмун. Азыр менде баары жайында, иштеп жүрөм, тапканым үй-бүлөбүзгө жетет.

Бир нерсени айткым келет, менимче, мамлекеттик унаалардын баарына GPS-навигатор орнотуу зарыл. Алар унааны жеке максатта пайдалана албагыдай дегеним. Небереңди мектепке жеткиресиңби? Анда такси чакыр!

Бензин, машина, ремонт — булардын баарына бюджеттен каражат жумшалат! Эмнеге өлкө жарандары алардын жол чыгымын төлөп бериши керек? Ушинтип акырындап мамлекеттик акчаны сарамжалдоого тийишпиз.

Жыйынга катышпаган эл өкүлдөрү боюнча бул жерден караңыз. Көбүнесе алар жыйынды себепсиз калтырышат.