Текебаев каза болду деген маалымат фейкпи? Шыкмаматовдун жообу

Текебаев Кылмыш жаза кодексинин коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектеги №47 абакта жаза өтөп жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин өлүмү тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Эске салсак, 22-сентябрь күнү кечинде социалдык тармактарга Текебаев абакта көз жумгандыгы жана ал жерде кандайдыр бир чуу чыккандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

"Анын баары жалган. Жөн гана фейктердин чыгарганы", — деди Шыкмаматов.

Машыгып, тил үйрөнүп, мыйзам жазып... Абактагы атка минерлер эмне менен алек
Экс-депутаттын аман экенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова дагы тастыктады.

Анын айтымында, депутат аман-эсен, учурда тамактанып жатат. Ошондой эле ал аталган түзөтүү колониясында эч кандай чуу чыкпаганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.