"Коопсуз шаар" долбоору боюнча жеңүүчү аныкталды

Тендерге "Вега", "Альфа телеком" жана "Маалыматтык системанын коопсуздугу" компаниялары катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын "Вега" радиокуруу концерны "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн аукциондун жеңүүчүсү деп табылганын Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик агенттиги билдирди.

4-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукцион өтүп, ага "Вега", "Альфа телеком" жана "Маалыматтык системанын коопсуздугу" компаниялары катышкан.

Тендердин баштапкы баасы 2,5 миллиард сом. Аукцион бул сумманы төмөндөтүш үчүн өткөрүлүп, ал эки лотко бөлүнгөн. Ар биринин баштапкы баасы 1 миллиард 276 миллион 353 миң 120 сом. Аукциондун натыйжасында эң аз сумма сунуштаган "Концерн радиостроения "Вега" компаниясы жеңишке жетти. Ал биринчи лотко 1 миллиард 125 миллион 765 сом, экинчисине 1 миллиард 195 миллион 575 сом сунуштаган.

Конкурстун жыйынтыгы мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Снимок с портала государственных закупок

Буга чейин 23-августта өткөн аукциондун жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуулар системасы бузулуп калып, жеңүүчү аныкталган эмес. Андыктан аукцион болбой калган. Конкурстун шарты боюнча эң төмөнкү бааны сунуштаган тарап жеңүүчү деп табылат.

"Коопсуз шаар" пилоттук долбоору кандай жыйынтык бергени айтылды
Долбоордун аталышы бир нече ирет өзгөргөн: алгач "Коопсуз шаар", андан кийин "Акылдуу шаар" болсо, эми кайра биринчи аталышын алды. Аны 2014-жылы жай айында өкмөт демилгелеген. Биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, экинчиси жарыяланган. 2015-жылдын январь айында россиялык "Стилсофт Бишкек" аттуу компания жеңүүчү аталган. Бирок ИИМ анын шарты менен макул болбой, сотко кайрылган. Кийинчерээк долбоорду кытайлык Huawei компаниясы ишке ашырары маалымдалган. Бирок инвестор талапты аткарбай койду деген жүйө менен келишим жокко чыгарылган. Буга чейинки өкмөт "Коопсуз шаарды" өз күчү менен ишке ашыра турганын жар салган болчу.