БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иштеринин тергөө процесси токтотулганын билдирди.
УКМКнын маалымдашынча, Бабановго карата эки кылмыш иши козголгон. Алардын бири Ош шаарынын "Амир-Тимур" кичи районунда айткан чагымчыл сөздөрү боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу болчу.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.
Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевден мурдагы кесиптеши Өмүрбек Бабановдун ишин тездетип, акты ак деп текшерип берүүсүн суранган болчу.