Кыргызстан аба каттамы боюнча тогуз мамлекет менен гана иштешет

Аба каттамдарын жолго коюу үчүн 28 мамлекет менен документке кол коюлган, Катар мамлекети 29чу болгону жатат. Бирок учурда тогуз мамлекет менен гана аба байланыштары иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. "Кыргызстан" фракциясынан депутат Талайбек Масабиров учурда Кыргызстан канча мамлекет менен аба каттамын жолго салуу боюнча документке кол койгонуна кызыкты.

Президентти ташыган авиакомпанияны күчтөндүрүү каралып жатат
Учурда депутаттар парламенттин жалпы жыйынында "2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун карап жатат.

Бул маселе боюнча парламентке чакырылгандар учурда аба каттамдарын жолго коюу үчүн 28 мамлекет менен документке кол коюлганын, Катар мамлекети 29чу болорун айтты. Бирок учурда тогуз мамлекет менен гана аба байланыштары иштеп жатканын белгилешти.

"28 өлкөнүн ичинде Европа мамлекеттери да бар, бирок аларга биздин учактар кире албайт", — деди чакырылгандар.

Депутат бул жаатта иш алып баруу керектигин, Кыргызстандын учактарын кара тизмеден чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандан учакка отуруп кайсы шаарларга түз жетсе болот
Ал эми эл өкүлү Улан Примов (КСДП фракциясы) ички каттамдардын баасы 4700 сомго чейин чыгып кеткенин айтып, баа саясатын көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев авиабилеттердин баасы 4000 сомдон ашпаш керек деген келишим бар экенин билдирди. Андан сырткары, билеттин баасы 4000 сомдон жогорулап кетти делген маалыматтарды изилдей келгенде далилдер болбой жатканын кошумчалады.

"Жол жабылып калган учурда Бишкек — Ош багыты боюнча билеттин баасын 3000 сомдон ашырбаш керек деген келишим бар. Учурда аны авиакомпаниялар аткарып жатат", — деди ал.

Депутат Максат Сабиров ("Республика — Ата Журт" фракциясы) Кыргызстанда эл аралык маанидеги канча аэропорт бар экенин сурады.

"Манас" аэропортунун өкүлү эл аралык маанидеги беш, жергиликтүү алты аэропорт бар экенин маалымдады.

Бирок эл аралык деңгээлде делген Баткен менен Каракол аэропортторуна азыр каттамдар жок экенин кошумчалады.