Абылгазиев: өкмөттүн жаңы түзүмүн 2 айда алып келебиз деп айта албайм

Премьер-министр өкмөттүн жаңы түзүмү иш билги кадрлар дайындалгандан кийин каралышы керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жаңы түзүмүн эки айдын ичинде алып келип тааныштырабыз дегенден алыс экенин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн аппарат жетекчиси-министри кызматына Шамилбек Асымбековду, юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловду, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Эмил Осмонбетовду дайындоого жактыруу маселеси каралып жатат.

Мамкызматкерлердин санын 70%га кыскартууга болот. Эксперттер ой калчайт
Депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттүн жаңы түзүмүн 1,5-2 айдын ичинде алып келип тааныштырылат деген маалыматтар канчалык туура экенине кызыкты. Белгилей кетсек, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин 18-сентябрдагы жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөттүн жаңы түзүмү эки айдын ичинде Жогорку Кеңешке тааныштырыла турганын айткан болчу. 

Абылгазиев учурда бул боюнча атайын чоң топ иштеп жатканын айтып, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитети да бул боюнча тапшырма бергенин билдирди.

"Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети бизге тапшырма берип, 1- сентябрга чейин сунушуңарды бергиле деген. Бул маселени жумушчу топ жакшылап иштеп чыксын деп суранып жатабыз. Аны иштеп чыгалы, министрликтен тышкары комитет, агенттиктер, кызматтар, фондулар бар. Ошолордун бардыгын анализ кылып, анан айтышыбыз керек. Канча жылдан бери бир катар мекемелерди алмаштырып, кошуп, кайта бөлүп жатабыз, андан экономикабыз өсүп деле кеткен жок. Биздин эң башкы максат — таза, иштей турган компетенттүү кишилерди алып келүү. Ошого жараша анан түзүмдү жасайбыз. Бизге убакыт бергиле. Кубатбек Боронов буга чейин 1,5-2 ай дептир. Бирок мен мынчасында алып келебиз деп так айтпайм. Бирок эффективдүү иштей турган түзүмдү түзүшүбүз керек. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатам", — деди премьер.

Өз кезегинде депутат Мирлан Жээнчороев туруктуу жана адиске бекем болгон гана өкмөт көп реформаларды алдыга жылдыра ала турганын белгиледи.