БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев дарылануудан кийин Бишкектеги №47 түзөтүү конониясына кайтарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) тастыкташты.
"Өмүрбек Текебаев жума күнү саат 11.00дө мурда жаза өтөп жаткан №47 колонияга алып келинди. Ооруканадан толугу менен зарыл болгон жардамды алган. Бирок дарыгердин көрсөтмөсү менен бул жактан дарылануусун улантмакчы. №47 абакта бул үчүн бардык шарттар бар. Экс-депутаттын абалы жакшы, эч нерсеге нааразычылык билдирген жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, "Ата Мекен" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаев Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна 31-июлда которулган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кылмыш жаза кодексинин коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.