"Сапаттын" имараттары "Маариф" фондусуна берилер-берилбеси айтылды

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин мектептери түркиялык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен курулгандыктан ал "Маариф" фондусуна берилерин билдирген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев акыркы учурда "Сапат" билим берүү мекемесинин имараттары Түркиянын "Маариф" фондусуна берилет деген маалымат боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Сагынбаев "Сапат" билим берүү мекемеси Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу иштеп жатканын жана аны жабуу маселеси күн тартибинде жок экендигин айткан.

Ал ошондой эле "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесине таандык мектептер "Маариф" фондусуна берилбей турганын баса белгиледи.

"Сапат" билим берүү мекемеси менен "Маариф" фондусунун окутуу мекемелери өз алдында иш алып барары маалыматта айтылат.

Гүленчилер таасирдүү кыргызстандыктарды коркутушканбы? Саясатчылар эмне дейт?
Эске салсак, буга чейин Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин мектептери түркиялык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен курулгандыктан ал "Маариф" фондусуна берилерин билдирген болчу. Өз кезегинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчини чакырып, коомго туура маалымат берүүгө үндөгөн эле.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сентябрдын башында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык делген билим берүү мекемелерин жабуу маселесин көтөргөн. Өз кезегинде президент  Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин ишмердиги мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө экенин айтып, анын уюштуруучулар курамына КРдин Билим берүү жана илим министрлиги киргенин белгилеген.

2016-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда Түркия Фетхуллах Гюлендин уюмуна караштуу мектептерди жабууну айтып, бирок кыргыз бийлиги андан баш тарткан.