Митингдер күтүлбөйбү? Эксперттер бийликке болгон элдин ишеними туурасында

Күздө бир кезде боло берип, көкөйгө көк таштай тийген митингдер башталбайбы, дегеле азыркы бийликке элдин ишеними кандай? Кыргызстанда сентябрь-ноябрь ичинде кандай окуялар күтүлөт деген суроого Sputnik Кыргызстан жооп издеп көрдү.
Sputnik

Келерки шайлоого даярдык

Саясат таануучу жана мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов бул сезондо саясий партиялар форматын өзгөртүп, топтордун кызыкчылыгы арта туранын айтат.

Независимый эксперт, политолог Шерадил Бактыгулов

"Быйылкы күз — 2020-жылда Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордун башталышы болмокчу. Мүмкүнчүлүгүн карап, кээ бир депутаттар альянска бириге баштады. Шайлоого даярдыктын дагы бир мисалы — КСДП катарынан Кожобек Рыспаевдин чыгарылышы болду. Ошентип кагынып, күбүнүп марага келем дегендер азыртан камдана башташты", — деди Бактыгулов.

Анын айтымында, экинчи бир учур — саясатчылар ортосунда жүрө турган катуу күрөш. Ресурстар чектелүү болгондугунан улам кепке келүүчүлүк аз кездешет.

Оюндун шарты өзгөрбөсүн! Жээнбеков Жумабековду кабыл алды
"Анткен менен күрөш ачыкка чыкпай, көшөгө артында жүрөт. Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө келсек, министрлер кабинетин өзгөртүүнүн кереги жок, адатта бул кышында жасалчу иш. Эгерде отставка кетирип жиберсе, жазында кайрадан алмаштыруу зарылдыгы жаралат. Иш жүзүнө келгенде "премьерлердин чыгымы" болуп калат. Бирок кээ бирлердин резюмесине "премьер-министр болгон" деген саптар керек болуп калышы мүмкүн", — деп жооп берди саясат таануучу.

Пикирин соңунда Бактыгулов митингдер болбой турганын, "президент Жээнбеков эч жерден жаза басып албагандыгын" айтты.

Ишеним тууралуу

Эксперт Алмаз Акматалиев бүгүнкү күндө күчтүү оппозиция жок деген ойдо.

Политолог Алмазбек Акматалиев

"Азыр күчтүү оппозиция жок. Азыркы бийлик элдин ишенимин жогото элек. Менин пикиримде, өкмөт отставкага кетпейт, бирок кээ бир кадрлар алмашышы мүмкүн", — деди Акматалиев.

Ал ири митингдер күтүлбөй тургандыгын, бирок кайсы бир аткаминерлерге карата акциялар болушу мүмкүндүгүн айтты.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаев туурасында имиштерге келсек, ага толкундоолордун кереги жок. Себеби, азыркы бийликтин көйгөйлөрү мурдагы башкарчуучулардын аракеттеринин кесепети", — деди Акматалиев.

Кыйын күз

Анткен менен дагы бир саясат таануучу Марс Сариевдин пикири таптакыр башкача. Анын пикиринде, бул күз бийлик үчүн оңой болбойт.

Политолог, эксперт по региональной безопасности Марс Сариев

"Буга чейин Атамбаев саясий банкрот болгондугун айткам. Эгерде анын Кытайга болгон мамлекеттик карыз боюнча макаласын эске алсак, Атамбаев чабуулга өттү деп түшүнсө болот. Экс-президент азыркы бийликтин катасына басым жасоого камданып тургандай. Эгерде футболдун тили менен айтсак, өзү андай учурларды уюштурбайт, аны атаандашынын командасы жаратып бериши мүмкүн", — деди ал.

Эс алуудан кийинки биринчи жыйынга келбеген депутаттар себебин айтты
Сариев учурдагы бийликтин активинде "коррупцияга каршы тандалма күрөш жана Райым Матраимов деген так турат". Бирок эгерде тышкы күчтөр эле активдешип кетпесе, эч кандай митингдер болбойт.

"Эгерде өлкөдө абал өзгөрүп кетип эле талоонго сала бербесе, өкмөт калышы мүмкүн. Балким түндүк менен түштүктүн элиталык топтору менен соодалашуу жүрүп, министрлер кабинетинин кээ бир мүчөлөрү алмашаар. Эч иш жасабаган премьерди алмаштыруу туурасында кеп козголушу да ыктымал", — деди Сариев.

Саясатчылар туурасында эч саясаты жок материал даярдалган.