Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар делген үчүнчү киши Россиядан кармалды

Шектүүнүн кайда жүргөнү август айында аныкталып, криминалдык милицияга КР ИИМ менен Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы биргеликте жардам берген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө катыштыгы бар деген үчүнчү шектүү жаран Россиядан кармалганын КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Подозреваемые в убийстве брата экс-генпрокурора Улана Салянова

Кармалган жаран 1983-жылы туулган, Россиянын жарандыгын алган. Анын кайсы жерде жүргөнү август айында аныкталган. ИИМдин билдиришинче, ал жасагандарын моюнга алып, учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат.

Шектүүнү кармоого КР УКМКсы, ИИМ жана Россиянын федералдык коопсуздук кызматы жардам берген.

Кармалган шектүү Улан Саляновдун кандайча атылганын айтып берди
Эске салсак, 2017-жылдын 6-ноябрга караган түнү болжол менен саат 2.30дарда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен

Ошол эле жылдын 27-декабрында бул кылмышка шектүү катары Бишкектин 31 жаштагы жараны кармалган. Анын жанынан Саляновго ок атылган курал табылган.

Кийин Москва шаарында экинчи шектүү колго түшүрүлгөн.