БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогоку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытай тараптын виза берүү маселеси тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, быйыл бул боюнча студенттер үчүн эч кандай маселе жаралбаганын айтты.
Абдылдаев ошондой эле учурда ишкерлер менен жүк ташуучуларга виза берүүнү жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
"Ишкерлер менен жүк ташуучуларга виза берүүдө маселе бар. Негизги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүттүк, азыр ички процедураны иштеп чыккандан кийин бул маселе чечилет деп ойлойбуз", — деди ал.
Эл өкүлү Эмил Токтошев эки жылдан бери Кыргызстан жарандарынын виза алуу маселесин чече албай Тышкы иштер министрлиги чабал иштеп жатканын айтты.
Бирок депутат Алмазбек Эргешов Белоруссия менен Арменияда виза алууда маселе жок экенин айтты.
Эске салсак, 2016-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон жардыруудан кийин виза берүү маселеси кыйындап, студенттерден тарта ишкерлерге чейин убара болушкан.